Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:40

Орто-Токой суу сактагычы боюнча макулдашуу 2-окуудан кабыл алынды


Орто-Токой (Касан-Сай) суу сактагычын кыргыз-өзбек мамлекет аралык пайдаланууга берүү боюна кыргыз-өзбек өкмөт аралык макулдашуусун 21-декабрда Жогорку Кеңеш 3-окуудан кабыл алды. Мыйзам долбооруна 100 депутат макул болуп, 1 депутат каршы добуш берди.

Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлгөн. Анда өзбек тарабы суу сактагычты эксплуатациялоо жана техникалык жактан тейлөө боюнча чыгымдарды каржылоого үлүштүк катышка кирет жана алынган суунун көлөмүнө жараша башка макулдашууларды ишке ашырат. Сарптоолорго ар түрдүү салыктарды жана жыйымдарды төлөө боюнча талаптар коюлбайт.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча, учурда суу сактагычтан чыккан суу менен Кыргызстандын 1,5 миң гектар, Өзбекстандын 28 миң гектар жери сугарылат.

Орто-Токой (Касан-Сай) суу сактагычы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, чек арадан 13 чакырым ичкери жайгашкан. Жалпы аянты 850 гектарды түзөт. Сыйымдуулугу – 165 млн куб/метр.

Буга чейин суу сактагыч Өзбекстандын пайдалануусундагы Кыргызстандын чарбалык объектиси катары калып, ага ээлик кылуунун шарттары дээрлик 25 жылдан бери чечилбей келген болчу.

Суу сактагычты чогуу пайдалануу боюнча макулдашууга быйыл 6-октябрда Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга мамлекеттик иш сапары менен барганда кол коюлган. Ага ылайык, объектти кайтаруу, иштетүү жана башкаруу толугу менен Кыргызстанга өткөн. Ал эми Өзбекстан суу сактагычты иштетүүгө кеткен чыгымды көтөрүү милдетин алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG