Линктер

шейшемби, 18-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 22:55

Эрдоган: АКШ эркибизди акчага сатып ала албайт


Режеп Тайып Эрдоган

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Иерусалим боюнча чечим кабыл алуу үчүн БУУга чогула турган өлкөлөргө карата АКШ президентинин билдирүүсүн сындады.

"АКШны эмне деп атап жүрүшөт? Демократиянын бешиги дешет. Ал эми демократиянын бешиги дүйнөдө сатыла турган эркти издеп жатат. Урматтуу Трамп, сиз Түркиянын демократиялык эркин долларга сатып ала албайсыз. Биздин чечимибиз ушул",-деди Эрдоган 21-декабрда түрк парламентинде.

Эрдоган Башкы Ассамблея чечими менен АКШга "жакшылап сабак көрсөтөрүнө" үмүттөнүп турганын белгиледи.

Ага чейин АКШ президенти Дональд Трамп Улуттар Уюмунун Иерусалим боюнча резолюциясын колдой турган мамлекеттерге миллиарддаган долларлык каржылык жардам берүүнү токтоторун айтып чыккан. 21-декабрда каралчу резолюция Вашингтонду Иерусалимди Израилдин баш калаасы деп тааныган чечимин жокко чыгарууга чакырат.

Башкы Ассамблеяга мүчө 193 өлкө чукул жыйынга бүгүн чогулат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG