Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

БУУ Иерусалимди Израилдин борбору катары таануудан баш тартты


АКШнын Иерусалим макамы боюнча позициясын тааныбай турган чечим чыгарган резолюцияны Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы 21-декабрда кабыл алды.

Бул документ үчүн добуш берген 128 өлкө - АКШдан башкасынын баары БУУнун Коопсуздук катчылыгынын туруктуу мүчөлөрү. Резолюцияга каршы тогуз өлкө добуш берди, 35 мамлекет арсар абалда калышты.

Бул чукул жыйын БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюция долбооруна АКШ вето койгондон кийин чакырылган. Бейшембиде кабыл алынган резолюциянын тексти Вашингтон артка кайтарган долбоордун тексти менен дээрлик бирдей мазмунда.

21-декабрда кабыл алынган резолюция Иерусалимди Израилдин борбору катары таануудан баш тартууга чакырат, бирок текстте АКШ жазылган эмес. Документте "Иерусалим боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына туура келбеген чечим юридикалык күчкө ээ эмес" деп жазылган.

Мурдараак АКШнын президенти Доналд Трамп бул резолюцияны колдогон мамлекеттерге каржылык жардамды чектей турганын эскерткен. Палестинанын жетекчилиги АКШ БУУнун курамындагы өлкөлөрдү "коркутуп жатканын" айтып чыккан.

6-декабрда президент Трамп АКШнын Израилдеги элчилигин Тел-Авивден Иерусалимге көчүрүүгө камынууга буйрук берген. Трамптын чечимин араб өлкөлөрү кескин сынга алып, палестин жергесинде массалык нааразылыктар башталган.

Израил Иерусалимди өзүнүн борбору деп эсептейт. БУУ шаардын чыгыш бөлүгү мыйзамсыз басылып алынган деп эсептейт. 1995-жылы АКШ Конгресси элчиликти Тел-Авивден Иерусалимге көчүрүү тууралуу мыйзам кабыл алган, бирок шаардын талаштуу макамынан улам бул ишке ашкан эмес. Жакынкы убактарга чейин эле Вашингтон "Иерусалим эч бир тарапка таандык эмес, шаардын макамы тынчтык келишимдерден кийин гана аныкталат" деп эсептеп келген.

XS
SM
MD
LG