Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

Бишкек шаардык кеңеши 350 автобус алуу маселесин карайт


Бишкекке Кытайдан сатып алынган автобустар. 2017-жыл, май.
Бишкекке Кытайдан сатып алынган автобустар. 2017-жыл, май.

Шаардык кеңештин депутаттары муниципалдык транспортту өнүктүрүү, борбор калаанын экологиялык абалын жана экономикасын өнүктүрүү жаатындагы токтомдун долбоорун карашмакчы.

Шаар кеңешинин маалыматында "негизинен бул токтом долбоору Орусияда чыгарылган, газ менен жүрүүчү 350 автобусту насыяга алууга өбөлгө түзөт" деп айтылат. Ага ылайык, "Газпромбанк" автобустарды сатып алыш үчүн 3,5 млрд. сомду 12% үстөк менен берүүдө. Мэрия насыя облигация түрүндө 2025-жылга чейин төлөнөрүн, пайыздын бересеси 5 миллиард сом болорун билдирүүдө.

Жарандык коом өкүлдөрү бул автобустардын баасы кымбаттыгын жана берилүүчү насыянын үстөгү көп экенин айтып, каршы чыккан.

Расмий маалыматка ылайык, Бишкек шаары автобус-троллейбустар менен 20% камсыз болгон. Күнүгө 120дан ашуун автобус каттамга чыгат. Андан тышкары, 2600дөн ашуун маршруттук кичиавтобустар жүрөт.

Баш калаанын эли 1 миллиондун тегерегинде. (ZKo)

XS
SM
MD
LG