Кыргызстан Иерусалим шаары боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясын колдоду. Анда Иерусалимдин макамы боюнча АКШнын позициясын тааныбай турган чечим жазылган. 21-декабрда кабыл алынган документти 128 өлкө колдоп, тогузу каршы болду. 35 мамлекет арсар добуш берди.
Макул болгон 128 мамлекеттин баары - БУУнун Коопсуздук катчылыгынын туруктуу мүчөлөрү.
Мурдараак АКШнын президенти Доналд Трамп бул резолюцияны колдогон мамлекеттерге каржылык жардамды чектей тургандыгын эскерткен. Палестинанын жетекчилиги БУУнун мүчө өлкөлөрүн АКШ "коркутуп жатканын" айтып чыккан.
6-декабрда президент Трамп АКШнын Израилдеги элчилигин Тел-Авивден Иерусалимге көчүрүүгө камынууга буйрук берген. Трамптын чечимин араб өлкөлөрү кескин сынга алып, палестин жергесинде массалык нааразылык башталган.
Израил Иерусалимди өзүнүн борбору деп эсептейт.
БУУ "шаардын чыгыш бөлүгү мыйзамсыз басылып алынган" деп эсептейт. 1995-жылы АКШ Конгресси элчиликти Тел-Авивден Иерусалимге көчүрүү боюнча мыйзам кабыл алган, бирок шаардын талаштуу макамынан улам бул ишке ашкан эмес.