Линктер

шаршемби, 20-июнь, 2018 Бишкек убактысы 07:56

Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажысына Ким Ин Сен башчы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Ким Ин Сен - Кыргызстандын жараны. Буга чейин Бажы төлөмдөрү башкармалыгында жетекчинин орун басары болгон.

Борбордук бажыны мурда Султан Мамасадыков башкарган.

39 жаштагы Ким Ин Сен Фрунзе шаарында төрөлгөн. Казань шаарындагы аскердик окуу жайын, Кыргыз улуттук университетин аяктаган. Бажы кызматынын полковниги. Ушул тармактагы түрдүү кызматтарда он беш жылдан ашуун убакыттан бери иштейт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG