Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:09

Өзбекстандын парламент төрагасы 2018-жылы Кыргызстанга келет


Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабековдун Өзбекстандагы эки күндүк расмий иш-сапарынын алкагында 2018-жылдагы кызматташтык боюнча документтерге кол коюлду.

Расмий маалыматка ылайык, эмки жылы парламент аралык жогорку деңгээлдеги жолугушуу, Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрагасы Нигматулла Юлдашевдин Бишкекке расмий иш сапары менен келиши, эки тараптуу кызматташуу боюнча парламент аралык комиссия түзүү пландалган. Андан тышкары, тармактык комитететтердин расмий иш сапарлары уюштурулат.

Дастанбек Жумабеков коңшу өлкөдө 20-21-декабрь күндөрү болду. Иш сапарында ал өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен жана башка бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.

XS
SM
MD
LG