Калың тумандан улам бүгүн эртеден бери Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортунда учактардын учуп-конушу токтоп турат. Аэропорттун басма сөз кызматы каттамдар качан жанданары азырынча белгисиз экенин "Азаттык" радиосуна билдирди.
Маалыматка ылайык, уча албай турган жүргүнчүлөргө тийиштүү авиакомпаниялар эреже боюнча жардам көрсөтүп жатат.
Ал эми Ош эл аралык аэропортунда учуп-конуу өз убагында жүрүүдө.