Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:41

Айыл өкмөттөрүнө ачык-айкындуулук паспорттору берилүүдө


2017-жылдын 22-декабрь күнү «Жарандык коом жана массалык маалымат каражаттары: Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык-айкындуулугуна кепилдик» аттуу Европа Биримдиги тарабынан каржыланган долбоордун жыйынтыктоочу конференциясы өтүп жатат. Анда Кыргызстандын ар кайсы региондорунан келген 10 айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүнө «ачык-айкындуулук паспорттору» тапшырылууда.

«Ачык-айкындуулук паспорту» - бул Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этнос аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик Германиянын Ханс Зейдел фонду жана Европа Биримдиги менен чогуу иштеп чыккан документ. Ал тигил же бул айыл өкмөтү ачык-айкындуулук, отчет берүү жана акыйкат иш алып баруу принциптерине ылайык иштеп жаткандыгын далилдейт. Документ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттар менен эриш-аркак иш алып барышына, айыл калкынын тиешелүү маалыматтар менен өз учурунда таанышуусуна өбөлгө түзүш үчүн каралган.

Пилоттук тогуз айыл өкмөтүнө - Кара-Коюн (Ат-Башы району), Кулатов (Ноокат району), Миң-Булак (Бакай-Ата району), Тору-Айгыр (Ысык-Көл району), Бурана (Чүй району), Ак-Бешим (Чүй району), Чоң-Сары-Ой (Ысык-Көл району), Жаңы-Алыш (Кемин району), Ак-Жол (Аксы району), Светлая Поляна (Жети-Өгүз району) айыл өкмөттөрүнө «ачык-айкындуулук паспорту» тапшырылат.

Долбоорду Германиянын Ханс Зейдел фонду менен Европа Биримдиги каржылоодо. (BCh)

XS
SM
MD
LG