Жалал-Абад облустук соту кыйноо боюнча айыпталган үч милиционерди сегиз жылга камоо чечимин чыгарды. Таш-Көмүр шаардык Ички иштер бөлүмүнүн кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн башчысы жана эки кызматкер шектүүнү кыйнап, кызмат абалынан аша чапкан деп табылды. Чечим 21-декабрда чыкканын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
2016-жылдын ноябрь айында Кара-Көл шаардык соту аларды Кылмыш кодексинин 305-1 беренеси (кыйноо) актап, 305-берене (кызмат абалынан аша чабуу) боюнча айыптуу деп тапкан. Ар бирине алты жылдан абак мөөнөтү чегерилген. Прокуратура бул чечимдин үстүнөн облустук сотко кайрылган.
Тергөө маалыматтарына ылайык, соттолгондор 2015-жылдын 11-декабрында Кызыл-Жар айылынын 21 жаштагы тургуну Эсенбай Анарбек уулун кыйноого алып, уурулукту моюнуна койгонго аракет жасашкан.