Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 18:47

Жээнбеков эмки аптада Казакстан менен Орусияга барат


Президент Сооронбай Жээнбеков 25-26-декабрь күндөрү Казакстан менен Орусияга расмий жана жумушчу сапар менен барат.

Президенттик аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева билдиргендей, расмий сапар 25-декабрда Астанага жасалат.

Жээнбеков коңшу өлкөнүн мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев менен алгач чакан чөйрөдө жолугат. Андан соң кеңейтилген жыйында Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы кызматташуу талкууланат.

26-декабрда Жээнбеков Орусия президентинин чакыруусуна ылайык, жумушчу сапар менен Москвага барат. Ал жакта КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG