Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:47

Бишкекте Иерусалимди Израилдин борбору деп таанууга каршы акция өттү


Акциянын катышуучулары.
Акциянын катышуучулары.

Бишкекте жарандык активисттер Иерусалимди Израил борбору катары таанууга каршы акция өткөрүштү. "Umma.kg" басылмасы палестиналыктарга тилектештик билдирүү максатында уюштурган митингге 80дей киши катышканын "Азаттыктын" кабарчысы билдирди.

Акцияга чыккандар Палестинаны колдогон, Иерусалимди Израилдин борбору катары таанууну сындаган жазууларды көтөрүп турушту.

Акцияга чыккандардын айрымдары чет элдиктер экени айтылды.
Акцияга чыккандардын айрымдары чет элдиктер экени айтылды.

Иерусалим шаары боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясын 21-декабрда Кыргызстанда колдоду. Анда Иерусалимдин макамы боюнча АКШнын позициясын тааныбай турган чечим жазылган. Документти 128 өлкө колдоп, тогузу каршы болду. 35 мамлекет арсар добуш берди.

6-декабрда президент Трамп АКШнын Израилдеги элчилигин Тел-Авивден Иерусалимге көчүрүүгө камынууга буйрук берген. Трамптын чечимин араб өлкөлөрү кескин сынга алып, палестин жергесинде массалык нааразылык башталган.

Израил Иерусалимди өзүнүн борбору деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG