Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун адвокаттары ага карата чыккан өкүмдү жокко чыгаруу арызы менен шаардык сотко кайрылышат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна адвокат Бакыт Асамудинов кабарлады.
Жактоочунун айтымында, соттон бир нече күн өтсө да алар өкүмдү дагы эле колуна ала албай жатышат.
Жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталган Самаковду 19-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту Кылмыш кодексинин “кылмышка шериктеш болуу”, “коррупция” беренелеринин негизинде 10 жылга эркинен ажыратыш керек деген өкүм чыгарган болчу. Аны менен кошо уулу жана төрт санаалашы сегиз жылга кесилген. Бул кылмыш иши боюнча экс-премьер-министр, депутат Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевдерге айыппул салынган.
Самаков 2015-жылдан бери үй камагында жатканын эске алып жана мунапыстарга ылайык абак мөөнөтү үч жылга чейин кыскартылып, натыйжада ал сот залынан камакка алынган.
Уулу Аман Самаков чечим “шашылыш кабыл алынды” деген оюн “Азаттыкка” билдирген. Айыптоочу тарап далилдер жетиштүү экенин айткан. (RK)