Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:19

Нарында милицияга кол көтөргөн жаран камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарында милиция кызматкерине кол көтөргөн жаран кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Медина Султаналиеванын маалыматына ылайык, окуя 21-декабрь күнү түшкө маал болгон.

Маалыматта Нарын шаарынын борбордук базарында милиция кызматкерлери "Toyota Gaia" үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусуна барып, ал жол эрежесин сактабай жатканын эскертишкенде, айдоочу тартип сакчыларына баш ийбей, аларга кол көтөргөнү айтылат.

Жыйынтыгында тескөөчүнүн видеокаттоо жабдуусу талкаланып, кийген формасы айрылган.

Айдоочу мас же соо экенин аныкташ үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренесинин ("Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү") биринчи бөлүгү боюнча кылмыш иши козголду. Айдоочу Нарын шардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалды. (MiK)

XS
SM
MD
LG