Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:51

Свердлов райондук милициясы боюнча иш прокуратурага берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Элден түшкөн арыздардын негизинде Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин ишин иликтеген жумушчу комиссиянын корутундусу Башкы прокуратурага берилет. Бул тууралуу 22-декабрда Бишкек милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын жана Бишкек шаардык милициясынын адистеринен турган комиссия "Дордой" базарында, анын тегерегиндеги конуштарда коомдук коопсуздукту караган №7 милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин жана жетекчилигинин, ошондой эле Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн ишине жалпысынан текшерген.

Маалыматта 2017-жыл ичинде артка кайтарылган 500дөн ашуун материал иликтенгени айтылат. 40 арыз мыйзамсыз жок кылынганы аныкталган. Арыздар кайра каттоого алынып, мыйзамдуу чара көрүлүп жатат.

Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилигине жана кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө башталды. Юридикалык баа берүү максатында материалдар прокуратурага берилет.

Буга чейин айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн 11-бөлүмчөсүнүн кызматкерлери министрдин орун басары Данияр Абдыкаров менен Бишкек милициясынын жетекчисинин орун басары Мирлан Муктаров опузалап акча талап кылып жатканына байланыштуу арызданганын жазып чыгышкан. Бирок ИИМ ал даттануулар тууралуу маалыматты жокко чыгарган.

XS
SM
MD
LG