Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Ирандагы оюн-зоок кечелеринде 230дай кыз-жигит кармалды


Тегеран полициясы
Тегеран полициясы

Ирандын полициясы 21-декабрда баш калаа Тегерандагы эки башка кечеде 230га чукул кыз-жигит кармады. Алардын 140ы шаардын четиндеги бакчадан, 90у Тегерандын түндүгүндөгү бай конуштардын биринде бийлеп, алкоголдук ичимдик ичип жаткан учурда кармалганын Ирандын жаңылыктар агенттиктери кабарлашты.

Тегерандын адеп полициясынын башчысы Золфагар Барфардун айтымында, кармалган жаштардын жанынан психотроптук дарылар жана ичимдиктер табылган жана алардын арасында ырчылар да болгон.

Маалыматка ылайык, Тегерандагы бул оюн-зоок кечелери интернеттеги "Инстаграм" социалдык түйүнүнө түз алып көрсөтүлүп жаткан.

Ислам мыйзамдары менен жашаган Иран коомунда алкоголго жана аялдар менен эркектердин чогуу кече өткөрүүсүнө тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG