Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:46

АКШ орусиялык кримтөбөлдөргө санкция жарыялады


АКШнын Каржы министрлигинин имараты. Вашингтон.
АКШнын Каржы министрлигинин имараты. Вашингтон.

Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги бир катар орусиялык жарандарды "кара тизмеге" киргизди. Алардын арасында орусиялык жана мурдагы СССРдин курамындагы мамлекеттерден чыккан он чакты криминалдык төбөлдөр бар. Бул тууралуу мекеменин сайты жазды.

Тизмеге жалпыга маалымдоо каражаттары "мыйзамдагы ууру" деп атаган жана "Тайванчик" деген каймана аты менен белгилүү Алимжан Тохтахунов, "Жаш Шакро" делген Захарий Калашов да кирген. Санкцияга илингендердин катарындагы Владимир Тюринди Украина Башкы прокуратурасы 2017-жылдын мартында Киевде Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты Денис Вороненковду "өлтүрүүнү уюштурган" деп айыптаган.

АКШнын санкциясына кримтөбөл Рубен Татулянга таандык эки орусиялык компания да кирди.

"Кара тизмеге" илингендерге АКШга кирүүгө, америкалык жарандар менен бизнес жүргүзүүгө тыюу салынды.

Расмий Вашингтон бул кадамга "мыйзамдагы ууруларга" каршы күрөштүн алкагында барганын айтууда. Мындай топтор Орусия, АКШ, Грекия, Испания жана Украинада иш жүргүзөт.

Бир күн мурун АКШнын Каржы министрлиги "Магнитский мыйзамынын" алкагында 13 кишиге жана 39 уюмга санкция жарыялаган. Арасында Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайканын уулу Артем, Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримова, киевдик "Беркут" полкунунун мурдагы командири Сергей Кусюк бар болчу.

XS
SM
MD
LG