Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:09

БУУ Түндүк Кореяга каршы санкцияны күчөттү


БУУнун Коопсуздук кеңеши.
БУУнун Коопсуздук кеңеши.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга каршы санкцияны күчөттү. Коопсуздук кеңештин мүчөлөрү АКШ даярдаган резолюцияны бир добуштан колдоп беришти. Документти Пхеньяндын башкы соода өнөктөшү болгон Кытай да колдоду.

Жаңы санкцияга ылайык, Түндүк Кореяга күйүүчү май импорттоого чектөө киргизилет. Түндүк Кореяга мунай ташыгандардын баары БУУга кабарлап турушу керек.

Ошондой эле минерал, электр жабдыктарын да аталган өлкөгө киргизүүгө тыюу салынат.

Санкциялар Түндүк Кореянын континенттер аралык баллистикалык ракетаны сыноосу байланыштуу күчөдү.

Пхеньянга карата БУУнун Коопсуздук кеңеши ушуну менен тогузунчу жолу санкциялык резолюция кабыл алды.

Ноябрдын этегинде Түндүк Корея баллистикалык ракета сынап, ал АКШын аймагына жетерин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG