Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:44

Майрамда коопсуздукту 2,5 миңден ашуун милиция кызматкери камсыздайт


Бишкек. 23-декабрь, 2017-жыл.
Бишкек. 23-декабрь, 2017-жыл.

Бишкекте жаңы жыл майрамында коомдук тартипти, элдин коопсуздугун камсыздоого 2500дөн ашык милиция кызматкерлери жана элдик ыктыярчылар тартылат.

Бул тууралуу Бишкектин мэри Албек Ибраимов милициянын алдыдагы иш-чараларга даярдыгын текшерген учурда айтылды.

Ибраимов майрам күндөрү коомдук тартип, туруктуулук жана коопсуздук көзөмөлдө болот деген ишенимин билдирди.

Жаңы жыл майрамы 31-декабрдан 1-январга караган түнү белгиленет. Өкмөттүн буйругуна ылайык, кыргызстандыктар 31-декабрдан 4-январга чейин эс алышат. 2-3-январдагы иш күндөрү 30-декабрь менен 8-январга которулат. Мындай эреже беш күндүк тартипте иштеген бюджеттик мекеме кызматкерлерине тиешелүү. (NT)

XS
SM
MD
LG