Баткендин Лейлек районундагы Ак-Суу айылында заманбап фельдшердик-акушердик пункт ачылды.
Имарат толугу менен “Qatar Charity” кайрымдуулук уюмунун каржылоосу менен салынган. Анда педиатр, терапевт, эмкана, каттоо бөлмөсү, жылытуу системасы бар.
Ошондой эле эмеректер, тиешелүү медициналык жабдыктар, дары-дармек сактоочу аппараттар менен камсыз болгон.
Саламаттык сактоо министрлиги менен түзүлгөн келишимдин негизинде аталган уюмдун жардамы менен быйыл Кыргызстанда жалпы тогуз медициналык клиника пайдаланууга берилди.