Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Батыралиев: Кыргызстанда он миң кишиге 21 дарыгер туура келет


Талантбек Батыралиев.
Талантбек Батыралиев.

Кыргызстанда он миң адамга 21 дарыгер туура келет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев 22-декабрда өкмөт жыйынында билдирди.

Анын айтымында, шаар жана айыл ортосунда дарыгерлер менен камсыздоодо географиялык айырмачылык сакталууда. Азыр өлкөдө 13 миң 517 дарыгер жана 34 миң 90 медкызматкер бар. Дарыгерлердин жалпы саны акыркы он жылда 9,8%, ал эми орто медициналык билими бар адистердин саны 19,4% жогорулаган.

Ошол эле учурда үй-бүлөлүк дарыгерлердин саны он жыл аралыгында 202ге азайып кеткен. 2005-жылы үй-бүлөлүк дарыгерлер менен камсыздоо 74% түзсө, азыр 53%. Ал эми медайымдардын саны көп, алар менен ооруканалар 96,5% камсыздалган.

Батыралиев кошумчалагандай, Бишкек жана Ош шаарларында дарыгерлер көп. Айыл жерлеринде жана алыскы аймактардагы алардын тартыштыгы кадрдык ресурстар жаатындагы негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон турат.

Өкмөт жыйынында медициналык кадрларды даярдоонун абалы жана аларды иштетүү маселеси талкууланды. (NT)

XS
SM
MD
LG