Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Бишкек-Ташкент-Бишкек каттамы жүргүзүлө баштады


"Манас" эл аралык аэропорту. Бишкек.
"Манас" эл аралык аэропорту. Бишкек.

"Эйр Манас" авиакомпаниясы бүгүндөн тартып "Бишкек-Ташкент-Бишкек" багытында авиакаттамдарды аткара баштады.

Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация департаментинин жетекчиси Курманбек Акышев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, бүгүн саат 12.30да алгачкы учак Ташкентке учуп кетти. Ага жалпы 105 киши билет алган.

Эми ар аптанын шаршемби жана ишемби күндөрү "Бишкек-Ташкент-Бишкек" багытында учактар каттап турат. Билеттин баасы 110 доллардан жогору.

2018-жылы "Ош-Ташкент-Ош" каттамын кайра ачуу мерчемделүүдө. Буга чейин "Ташкент-Бишкек" багытында шейшемби, бейшемби күндөрү "Uzbekistan Airways" компаниясынын гана учагы каттап келген.

13-декабрда Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Ташкентте жолугушуп, транспорттук каттамдар боюнча макулдашкан эле.

Бишкек-Ташкент каттамы жанданды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:59 0:00

XS
SM
MD
LG