Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Сан-Франциско: Рождество алдындагы теракт алдын алынды


ФБРдин агенттери Нью-Йорктогу жардыруу болгон жерде. 11-декабрь, 2017-жыл.
ФБРдин агенттери Нью-Йорктогу жардыруу болгон жерде. 11-декабрь, 2017-жыл.

Кошмо Штаттардын атайын кызматтары 25-декабрь - Рождество майрамында Сан-Францискодо теракт уюштурууну көздөгөн киши кармалганын, ал өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топтун өкүлү экенин билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган адам Калифорниянын тургуну жана мурда деңиз күчтөрүндө аскердик милдетин өтөгөн. Теракт жасоо ниети тууралуу өзүн "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун жетекчилеринин бири катары көрсөткөн Федералдык чалгын бюросунун агентине айтып берген. Үйүнөн курал жана жанкечтилик кылуу максаты жазылган кат табылган.

31-октябрда Нью-Йоркто аталган террордук топтун мүчөсү элди автоунаа менен тебелеп, сегиз киши каза тапкан эле. АКШнын Юстиция министрлигинин билдиришинче, Федералдык чалгын бюросу быйыл 700дөн ашык терракттын алдын алды.

XS
SM
MD
LG