Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:05

Филиппинде катуу шамал жүздөн ашуун кишинин өмүрүн кыйды


АКШнын Майами шаарындагы куюн. 10-сентябрь, 2017-жыл.
АКШнын Майами шаарындагы куюн. 10-сентябрь, 2017-жыл.

Филиппинде тропикалык катуу шамал болду. Би-Би-Си кабарлагандай, алдын ала маалыматтарга караганда андан жүздөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды. Ондогон кишилер изделип жатат.

Тембин шамалынын кесепетинен Минданао аралындагы бир нече райондорду, кыштактарды суу каптады.

Шамалдын ылдамдыгы саатына 80 чакырымга жеткен. Азыр бороон Минданаодон өтүп, Палаван аралынын түштүк тарабын көздөй багыт алды. Жабыркаган райондордо электр энергиялары үзгүлтүккө учурап, байланыш линиялары жарактан чыккан.

Филиппинде тропикалык куюн маал-маалы менен болуп турат.

Бир жума мурун Кай-Так деп аталган куюн Филиппиндин борбордук бөлүгүн кыйратып, ондогон киши каза тапкан.

XS
SM
MD
LG