Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Кадыров: Инстаграмдан өзүм деле чыгайын деп жүргөм


Рамзан Кадыров.
Рамзан Кадыров.

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Instagram социалдык түйүнүндөгү аккаунту жоголуп кеткенине "ыраазы" экенин билдирди.

Кадыров "Мен өзүм деле бул түйүндөн чыгайын деп көптөн бери ойлонуп жүргөм", - деп Telegram мессенжерине жазды. Чечен лидери аталган түйүндөгү баракчасынын жоголгон себептерине токтолгон жок, буга Instagram өзү жана анын "Ак үйдөгү коргоочуларынын" катышы бар деген ишара кылган.

Instagram менен Facebook тармактарына эми кирбей турганын, ал эми ВКонтакте, Твиттер жана Телеграмдагы аккаунттары иштей берерин билдирген. Чеченстанда Mylistory деп аталган жаңы социалдык түйүн иштелип жатканын кошумчалаган.

Рамзан Кадыровдун Instagram жана Facebook түйүндөрүндөгү аккаунттары ишемби эртең менен ачылбай калган. Алар тосмолонгонбу же өчүрүлгөнбү азырынча белгисиз. Аталган социалдык түйүндөр буга комментарий бере элек.

Буга чейин Кадыровду АКШ "Магнитский актына" байланыштуу санкцияга илингендердин катарына кошкон. Аны Чеченстандагы адам укуктарынын бузулушуна айыпташкан. Санкцияга ылайык, америкалык компанияларга Кадыров менен иш жүргүзүүгө тыюу салынат.

XS
SM
MD
LG