Орусиянын Ростов облусунда "Кавказ түйүнү" сайтынын журналисти Вячеслав Прудниковго кол салуу боюнча кылмыш иши козголду. Прудников белгисиз бирөөлөрдүн колунан бир нече жолу ок жеген. Дарыгерлер анын ден соолугуна "жеңил жаракат" келтирилген деп айтышууда. Алардын билдиришинче, журналистке травматикалык тапанча менен кол салуу болгон.
Ал эми Прудников алгач ооруканага жеткирилгенде дарыгерлер "куралдан атылган октон жараат алганын айтышкан" деп билдирип жатат.
"Кавказ түйүнү" сайты журналистке кол салуу тууралуу ишембинин кечинде маалымдады.
Прудников Красный Сулин шаарындагы көрүстөндүн айланасында видео тартып жүргөндө "Бийлик жөнүндө жазып тажаттың" деп кыйкырган белгисиз киши бир нече жолу ок атканын айтып берген.
Кол салган адам качып кеткен. Аталган сайт окуяны журналисттин кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырууда.
Орусиянын Журналисттерди коргоо комитети Вячеслав Прудниковго кол салууну көз карандысыз эксперттери тартуу менен кылдат иликтөөнү, ишти жергиликтүү укук коргоо органдарына калтырбоону талап кылды.