Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Мирзиёевдин кызы Өзбекстандын өкмөтүнө кызматка орношту


Шахноза Умарова (солдо), Агриппина Шин (оңдо).
Шахноза Умарова (солдо), Агриппина Шин (оңдо).

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кенже кызы Шахноза Умарова Мектепке чейинки билим берүү министрлигине жооптуу кызматка дайындалды.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун өзбек кызматы президенттин үй-бүлөсүнө жакын булакка жана жогорку даражалуу чиновниктердин бирине шилтеме берүү менен жазды.

Министрликтин аты-жөнүн айтпаган кызматкери да бул маалыматты ырастап, 31 жаштагы Шахноза Умарова мектепке чейинки билим берүү системасын реформалоого жооптуу болуп дайындалганын маалымдады.

18-декабрда Шавкат Мирзиёев өткөргөн селектордук жыйында Шахноза Умарова мектепке чейин билим берүү министри Агриппина Шиндин жанында отурган.

Министрлик быйыл 30-сентябрда өзбек президентинин жарлыгы менен түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG