Линктер

жума, 25-май, 2018 Бишкек убактысы 21:03

Орусиянын бир нече шаарларында оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды президенттик шайлоого талапкер катары көрсөтүү боюнча шайлоочулардын жыйындары өтүп жатат.

Саясатчынын тарапкерлеринин маалыматына караганда, Новосибирск шаарында жыйынга келген 700дөн ашык киши Навальныйды бир добуштан колдоду. Ушундай эле чечимдер Пермь, Омск жана Красноярск шаарларында да кабыл алынды.

Навальный үчүн биринчилерден болуп Владивостоктун жашоочулары добуш беришти.

Жыйындарга полициянын жолтоо болгону тууралуу кабарлар түшө элек. Бүгүн эртең менен Астраханда оппозициялык саясатчынын тарапкерлери түшкөн кичиавтобус кармалганы маалымдалган.

Бир нече шаарда жыйындарга Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү катышууда.

Жалпы шайлоочулардын жыйындары Орусиянын 20 шаарында белгиленген. Алексей Навальный мыйзам боюнча талапкер көрсөтүү үчүн 500 киши катышкан кеминде бир жыйын өткөрүш керектигин белгилөөдө.

Орусияда президенттик шайлоо 2018-жылдын 18-мартында болот.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG