Кыргызстанда 25-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Баткен, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жок. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 18-23 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз 8...13;
Таласта түнкүсүн -2...+3, күндүз 7...12;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...5, күндүз 8...13;
Баткенде түнкүсүн 0...5, күндүз 8...13;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8;
Нарын облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -2...+3 градуска чейин жогорулайт.
Бишкекте 25-декабрда ала-булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн 1...3, күндүз 9...11 градус болот.