Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:45

Түндүк Корея БУУнун санкциясын "согуштук аракет" деп атады 


Түндүк Кореянын өзөктүк куралдар боюнча атайын өкүлү Ким Гхе Кван Бээжинде журналисттер менен сүйлөшүүдө.
Түндүк Кореянын өзөктүк куралдар боюнча атайын өкүлү Ким Гхе Кван Бээжинде журналисттер менен сүйлөшүүдө.

Түндүк Корея БУУнун акыркы санкцияларын сындап, муну "согуш актына" кадам деп атады.

Аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин 24-декабрдагы билдирүүсү БУУнун Коопсуздук кеңеши Пхеньяндын өткөн айда баллистикалык ракета сынаганына жооп иретинде ага каршы санкцияларды бир добуштан колдогондон кийин жасалды.

22-декабрда кабыл алынган жаңы санкцияга ылайык, Түндүк Кореяга күйүүчү май импорттоого чектөө киргизилет. Өлкөгө мунай ташыгандардын баары БУУга кабарлап турушу керек болот.

Ошондой эле минерал, электр жабдыктарын да аталган өлкөгө киргизүүгө тыюу салынат.

Ноябрдын этегинде Түндүк Корея баллистикалык ракета сынап, ал АКШын аймагына жетерин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG