Линктер

дүйшөмбү, 21-май, 2018 Бишкек убактысы 00:00

Кинорежиссер, 5-март - Ак калпак күнүнүн демилгечиси Ырысбек Жабиров интернетте тарап, талкууланып жаткан сүрөт боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилерине ачык кайрылуу жолдоду. Анда Жабиров Бишкектеги көргөзмөлөрдүн биринде итке кыргыз калпагын кийгизип сахнага алып чыккан сүрөткө нааразылык билдирген.

"Жаныбарга кыргыз калпагын кийгизүүнү кыргыз элин шылдыңдоо" деп билем деген Жабиров бул кадамга баргандарды мыйзам чегинде жоопко тартууну суранган. Сынакты уюштургандар элден кечирим сурашы керек деп талап кылган.

Интернетке тараган сүрөт Бишкек-Парк борборунда өткөн Dog’s Fashion Show 2018 иттердин мода көргөзмөсүндө тартылганы белгилүү болду.

Социалдык тармактын бир катар колдонуучулары муну сынга алып жатышат. Ошол эле кезде "ага көп деле маани берип кереги жок" дегендер да чыгат.

Уюштуруучулар катышуучулардын костюмдарына жооп бербей турганын айтып, "бул жөн гана сынак" деген жооп кайтарышты.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG