Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:20

Гилмендде жолго коюлган бомба жети кишинин өмүрүн алды


Гилменд провинциясы
Гилменд провинциясы

Ооганстандын Гилменд провинциясында жолго коюлган бомба кеминде жети жөн-жай тургундун өмүрүн алды. 24-декабрда жүргүнчүлөрдү салган фургон Маржа районундагы жолдо жарылып кеткенин жергиликтүү расмийлер билдиришти. Алардын маалыматы боюнча, жардыруудан дагы үч адам жаракат алды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары курмандыктардын арасында балдар жана аялдар бар экенин кабарлап жатышат. Бул окуяга азырынча эч бир тарап жоопкерчилик ала элек.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, Ооганстанда 2017-жылдын алгачкы тогуз айында колго жасалган бомбалардан 370тен ашуун жайкын тургун мерт болгон.

XS
SM
MD
LG