Бишкек шаардык соту бүгүн Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат, экс-башкы прокурор, мурдагы юстиция министри Аида Саляновага байланыштуу ишти кароону улантат.
Акыркы жараян 21-декабрга коюлуп, бирок Салянованын ооруп калганына байланыштуу бүгүнкүгө жылган. Ага чейинки териштирүүлөрдө күбөлөр суралган.
Быйыл 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту Аида Салянованы Кылмыш кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган") менен күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Чечимге ылайык депутат өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөйт. Оппозиционер саясатчыга 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган.
Салянова өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, бул ишти “саясий буюртма” деп баалап жүрөт. Ал райондук соттун чечиминин үстүнөн доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.
Бул инстанция да Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырса, БШК Салянованын депутаттык мандатын алуу маселесин карашы мүмкүн. (NT)