Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:09

ЖК Саламаттык сактоо министрлигинин иши боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын угат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде бүгүн аталган мекеменин ишмердүүлүгүн текшерип чыккан жумушчу топтун иликтөөсүнүн корутундусу жарыяланат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жумушчу топ Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн жана “Жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө” мыйзамдын аткарылышын текшерген.

Кыргызстанда жогорку билимдүү дарыгерлердин жетишсиздиги, медициналык мекемелердеги тейлөө шарттары көйгөйлүү маселелердин бири. Расмий маалыматка караганда, учурда он миң адамга жети дарыгер туура келет. (NT)

XS
SM
MD
LG