ӨКМ Чүйдө жер кыртышындагы суунун деңгээли көтөрүлгөнүнө байланыштуу арык тазалоо иштерин күчөттү. Учурда бир нече техника каражаты жана 40 жоокер кырсыктын алдын алуу жумуштарына тартылган.
24-декабрда Токмок шаарынын Саадаев көчөсүндөгү үч көпүрө алынып, жалпысынан 450 метр жана Жаантаев көчөсүндө 520 метр аралыкта дренаждык түйүндөрдү тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Мындан башка бир катар көчөдө арык бойлорундагы бактар кыйылган. Тазалоо иштери бүгүн да уланып жатат.
19-декабрда Токмок шаарынын жана Чүй районунун айрым айылдарында жер кыртышындагы суунун деңгээли көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу, Токмок шаарында жана Чүй районунун аймагында “Өзгөчө кырдаал” тартиби киргизилген. (SDz)