Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:36

УКМК Сириядан келген кишини кармады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү катары шек саналган, 1990-жылы туулган кыргыз жаранын кармады. УКМКнын маалымат кызматы кабарлагандай, кармалган жаран Кыргызстанда террордук актыларды жүзөгө ашыруу тапшырмасы менен өлкөгө кайтып келген. Ал Сирияда өкмөттүк аскерлерге каршы согушканы аныкталды.

“Эл аралык террордук уюмдардын жетекчилеринин көрсөтмөсү менен Ю.К. аттуу жаран Кыргызстандан адамдарды Сирияга жөнөтүү жана өлкөдө диверсиялык-жардыруу акцияларын жүргүзүү боюнча тапшырма алган”,- деп айтылат комитет тараткан маалыматта.

Учурда тергөө органдары кармалган адамга Кылмыш кодексинин 226-("Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылыштарга же согуш аракеттерине катышуусу же террорчулук жана экстремисттик даярдыктан өтүшү") жана 375 ( "Жалданып согушуу") беренелери боюнча иш козгоду.

Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. (SDz)

XS
SM
MD
LG