Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:48

Кара-Суу көлү балык чарбасынын карамагынан чыгарылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тийиштүү мыйзам долбоору бүгүн парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында үчүнчү окууда каралды.

Депутат Осмонбек Артыкбаев, Кара-Суу көлүндөгү жылаңач осман балыгы сыяктуу мурдатан эле байырлап келген балык түрлөрүн сактап калуу максатында “Балык чарбасы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү кирип жатканын билдирди.

2016-жылы өкмөт Токтогул районунда 56 миң гектардан ашык аянтта “Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркын түзгөн. Сөз болуп жаткан Кара-Суу көлү анын курамына кирет. Бирок Кара-Суу көлү балык чарбасын иштетүү максатында “Табият КГ” ЖЧКсына берилген.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлагандай, комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун 3-окууда жактыруу менен Жогорку Кеңештин кароосуна чыгаруу тууралуу чечим кабыл алышты. (SDz)

XS
SM
MD
LG