Жол коопсуздук кызматкерлкери бир жуманын ичинде мас абалында машине айдап жүргөн 209 адамды аныктап, айып салды. Мындан башка 330 айдоочу документтери жок автоунаа айдаган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Жуманын жыйынтыгы боюнча 3 миңден ашык адам жол эрежесине көңүл бурбаганы аныкталса, 400дөй айдоочу ылдамдык эрежесин сактаган эмес. Натыйжада акыркы жети күндө өлкө боюнча 16 миң 298 айдоочуга айыппул салынды. Анын ичинен 500дөн ашык автоунаа атайын айыпка токтотуучу жайга токтотулган.
ИИМдин маалыматы боюнча, ушул жылдын тогуз айында 5 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, кайтыш болгондордун саны 700гө чукулдады. Бул көрсөткүч былтыркыдан 6,7 пайызга көп. Жабыркагандар 8 миңге жакын. (SDz)