Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:49

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков ишин караган судьяга нааразы


Мавлян Аскарбеков. 26-февраль, 2017-жыл.
Мавлян Аскарбеков. 26-февраль, 2017-жыл.

Биринчи май райондук сотунда иши териштирилип жаткан жарандык активист Мавлян Аскарбеков судья ишти бир тараптуу карап жатат деп эсептейт. Ал бүгүнкү отурумда судья Эмил Кайыповго ишеним көрсөтпөө тууралуу өтүнүчүн келтирип, колдоо тапкан жок. Аскарбеков судьянын мамилеси боюнча Конституциялык палатага кайрыларын кошумчалады.

“Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбековго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга үндөө” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 16-январдагы авиакырсыктын жапа чекккен Дача-СУ жана Учкун-2 конуштарынын тургундары менен жолугушууда бийликти басып алууга чакырган деп айыпталып жатат. Кылмыш ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тергеген.

Активист болсо өзүнө тагылган айыпты четке кагып, аны оппозициялык ишмердиги үчүн куугунтук катары баалап келет. (UEz)

XS
SM
MD
LG