Линктер

жума, 17-август, 2018 Бишкек убактысы 10:18

Навальный шайлоо комиссиясына документтерин тапшырды


Алексей Навальный Москвадагы жүрүштө, 24-декабрь.

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү документтерди тапшырды. 24-декабрда анын тарапкерлери Орусиянын 20 шаарында жүрүштөрдү өткөрүп, анын жыйынтыгында Алексей Навальный талапкер болууга жетиштүү колдоо тапканын жарыялаган.

"Бизсиз шайлоо болбойт. Биз азыркы бийликке каршы тура алабыз. Негизги талабыбыз - бизге шайлоого катышууга уруксат берүү", - деди Навальный 24-декабрдын кечинде документтерди тапшырар алдында.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Навальныйдын документтерин кабыл алуу үчүн иш саатын узартканы белгилүү болду. Алар беш күндүн ичинде өз чечимин чыгарышы керек.

Буга чейин орус БШКсы Навальныйдын соттуулугун жүйө кылып, ал 2028-жылга чейин мамлекеттик кызмат үчүн шайлоого катыша албайт деген бүтүмгө келген. Навальный муну саясий чечим деп мүнөздөгөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG