Бул тууралуу маалыматты Чүй облустук ИИБнын басма сөз катчысы Назира Иманкожоева “Азаттыкка” ырастады.
Маалым болгондой, айыл өкмөт башчысынын орун басары Советбек Орозалиев 23-декабрда жергиликтүү кеңештин депутаттарына аткарылган иштер боюнча маалымат берип жатканда депутаттардын бири менен пикир келишпестик пайда болгон.
- Учурда айыл өкмөт башчысынын орун басары соттук-медициналык кароодон өтүп жатат. Чогултулган материалдар Москва райондук ИИБсине өткөрүлүп берилди. Ошондой эле райондук прокуратурага да иштер берилди.
Маалым болгондой, Орозалиевге кол көтөргөн депутат - “Республика - Ата- Журт” фракциясынын өкүлү. Облустук милиция депутаттын аты-жөнүн атаган жок.
Ал арада айыл өкмөт башчысынын орун басары милицияга арыз жазды. Ал өз арызында депутатка чара көрүүнү өтүндү. (SDz)