Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Сот “Ата Мекендин” юристтерине чет өлкөгө чыгууга тыюу салды


Өмүрбек Текебаевдин соту. 5-июнь, 2017-жыл.
Өмүрбек Текебаевдин соту. 5-июнь, 2017-жыл.

Октябрь райондук соту “Ата Мекен” партиясынын юристтерине чет өлкөгө чыгууга тыюу салды.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна юристтердин бири Канатбек Азис билдирди. Анын айтымында, ушундай эле чечим Таалайгүл Токтакуновага да чыккан. Бул чектөө алынышы үчүн юристтер 10 миллион сом айыппулду төлөшү керек же экс-президент Атамбаевдин макулдугу талап кылынат.

Башкы прокуратура "Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиздин быйыл 1-мартта Бишкектеги маалымат жыйынында Дача-СУ айылында кулаган учактагы жүк боюнча айткандары президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирет" деген доо арыз менен сотко кайрылган.

Айыптоочулар алардан президенттин пайдасына моралдык зыян үчүн 10 миллион сом өндүрүп алууну талап кылган. 4-июлда ишти караган Бишкектин Октябрь райондук соту башкы көзөмөл органынын эки юристке каршы доо арызын канааттандырып, 10 миллион сомдук айыпка жыккан. Мындан тышкары, сот юристтерди маалымат жыйынын өткөрүп, учактагы жүктүн Атамбаевге тиешеси жок экенин айтууга милдеттендирген. Кийин ушул эле чечимди шаардык жана Жогорку сот күчүндө калтырган. Юристтер соттун чечими менен макул эмес экенин айтып жатышат. (UEz)

XS
SM
MD
LG