Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:03

Жээнбеков Назарбаев менен жолугушту


Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев. 25-декабрь, 2017-жыл.
Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев. 25-декабрь, 2017-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандагы иш сапарынын алкагында Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуу азыр “Акорда” ак сарайында тар чөйрөдө өтүп жатат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы кабарлады. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн жана ЕАЭБнын алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап жатышат.

Жээнбековдун Казакстандагы расмий иш сапары бүгүн башталды. Аны Астана шаарындагы эл аралык аэропортто ардактуу кароолдун коштоосунда Казакстандын вице-премьер-министри Аскар Мамин тосуп алды.

Иш сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат. Мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышмакчы. Мындан тышкары, Жээнбековдун Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушуусу да болжолдонгон.

Президенттин сапары андан ары Орусияда уланып, 26-декабрда ал Москвага жөнөйт. Иш сапары Орусиянын президентинин чакыруусу менен өтөрү айтылды. Кыргыз президенти Орусияда КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышмакчы. (UEz)

XS
SM
MD
LG