Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандагы расмий иш сапарынын алкагында казак президенти Нурсултан Назарбаев менен тар чөйрөдө жолугушту. Жолугушууда Назарбаев “Биз келип-кетебиз, эл калат. Ошондуктан достук, туугандык мамилени кийинки муунга таза бойдон калтырышыбыз керек” деди.
Кыргызстан менен Казакстандын мамилеси экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда солгундап, казак тарап дээрлик эки ай бою чек арадагы көзөмөлдү күчөткөн. Ага чейин Атамбаевдин Назарбаев менен Бабановдун жолугушуусун айыптап, анын дарегине кескин сын айтканы себеп болгон. Ошондон улам жүк ташуучу унаалардын бир нече чакырымга созулган тыгыны пайда болгон.
Жээнбековдун Казакстандагы расмий иш сапары бүгүн башталды. Аны Астана шаарындагы эл аралык аэропортто ардактуу кароолдун коштоосунда Казакстандын вице-премьер-министри Аскар Мамин тосуп алган. Иш сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат. Мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышмакчы. Мындан тышкары Жээнбековдун Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушуусу да болжолдонгон.
Президенттин сапары андан ары Орусияда уланып, 26-декабрда ал Москвага жөнөйт. Иш сапары Орусиянын президентинин чакыруусу менен өтөрү айтылды. Кыргыз президенти Орусияда КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышмакчы. (UEz)