Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-октябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 05:22

Жээнбеков Назарбаевди Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды


Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев. 25-декабрь, 2017-жыл.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн жолугушуудан кийин журналисттерге маалымат беришти.

Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, Сооронбай Жээнбеков казакстандык кесиптешине расмий сапарга чакырганы жана жылуу тосуп алганы үчүн ыраазычылык билдирди:

- Биз, Нурсултан Абишевич менен чакан жана кеңейтилген форматта эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү багытында маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Ортодогу бардык маселелерди өз ара түшүнүшүү, достук жана эки тарапка тең ыңгайлуу багытта чечүүнү макулдаштык. Быйылкы жыл бир тууган эки мамлекет үчүн символдуу мааниге ээ, дипломатиялык мамилелерге 25 жыл толду. Бул өтө кыска убакыт, бирок иш жүзүндө биздин алака кылымдарга созулат. Туугандык, достук жана коңшулук боюнча көп кылымдык байланыш азыркы мамиленин бекем негизи,- деген Жээнбеков Нурсултан Назарбаевди Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Ал сапардын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын Мамлекеттер аралык кеңешинин кезектеги отурумун өткөрүү планы бар экенин белгиледи.

Өз кезегинде Назарбаев эки мамлеке боордош, өнөктөш экенине, жалпы тарыхы, тили жана маданияты бардыгына токтолду.

"Сүйлөшүүдө өзгөчө көңүл эки тараптуу экономикалык мамилелерге бурулду. Сооронбай Жээнбеков менен Минск шаарындагы сүйлөшүүдөн аз убакыт өткөнүнө карабай, фитосанитардык, ветеринардык, транспорт, салык, бажы көзөмөл тармагында көп иштер жүрдү. Бардык маселелер жөнгө салынды, чек арада транспорттун тыгыны жок. Бүгүн мен чакан чөйрөдөгү сүйлөшүүдө документтин ар бир пунктун сапаттуу ишке ашыруу тууралуу тапшырма бердим. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы товар айлантуу 19 пайызга көбөйдү, эми колдогу резервдерди активдүү колдонуп, 2020-жылы 1 миллиард долларга чейин чыгарышыбыз керек", - деди Назарбаев.

Сооронбай Жээнбеков Казакстанга иш сапар менен бүгүн эртең менен барган. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG