Линктер

жума, 22-июнь, 2018 Бишкек убактысы 16:59

Москва метросунун алдында автобус кырсыктап, төрт киши каза болду


Кырсык болгон жер. Орусия, Москва. 25-декабрь, 2017-жыл.

Орусиянын Москва шаарында 25-декабрда автобус жер алдындагы өтмөккө кире бериште жүргүнчүлөрдү сүзүп, төрт адамдын өмүрү кыйылды. Шаар бийлигинин маалыматына караганда, жарадар болгон он бир кишинин тогузу ооруканага жаткырылды.

Кырсык түштөн кийин “Славян бульвары” метросуна жакын жерде, Кутузов проспектинде болду. Сурак учурунда айдоочу аварияга кабылган автобусту кечээ биринчи жолу айдаганын, рулду башкара албай калганын айтып берди.

Полиция кырсыкка "айдоочунун рулду башкара албай калганы же автобустун бузуктугу" себеп болгон деген эки божомолду карап жатат. Мамлекеттик "Мострансавто" ишканасы автобус 2017-жылы чыкканын, айдоочунун 30 жылдык тажрыйбасы бар экенин маалымдады.

XS
SM
MD
LG