Ысык-Көл облустук соту бүгүн былтыр ноябрда болгон кандуу окуя боюнча ишти карайт. Каракол шаарында жайгашкан Иса Ахунбаев атындагы медициналык коллеждин директору Анарбүбү Абсалиева 2016-жылдын 17-ноябрында өз үйүндө 23 жолу бычак жеп курман болгон.
Кылмышка шектүү катары ушул эле окуу жайдын эсепчиси Раушан Муканбетова кармалган. Ноябрда Каракол шаардык соту аны “Киши өлтүрүү" беренеси боюнча актаган, бирок "медколлежге таандык 200 миң сомду өз кызыкчылыгына пайдаланган" деген негизде алты жылга эркинен ажыраткан.
Сот чечимине ылайык, ал жаза мөөнөтүн он эки жаштагы баласы он төрткө толгондон кийин өтөйт. Мындай чечимге маркумдун жакындары нааразылык билдиришип, облустук сотко кайрылышкан. Алар шектүүгө "соттун сатылганы үчүн жеңил жаза берилип калды" деп 25-декабрда акцияга чыгышкан.
Милиция кылмышка шектүү Раушан Муканбетова тергөөдө киши өлтүргөнүн моюнга алды деп кабарлаган.