Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

Бишкек мэриясы 350 автобус сатып алат


Кыргызстандагы Кытай өндүрүшүнөн чыккан автобустар.
Кыргызстандагы Кытай өндүрүшүнөн чыккан автобустар.

Бишкек мэриясы 2018-жылдын соңуна чейин 350 автобус сатып алат. Мындай меморандумга кечээ, 25-декабрда Өкмөт үйүндө кол коюлду. Меморандум орусиялык “Газпром Кыргызстан”, “Газпромбанк” “Эксар” ишканалары менен Бишкек мэриясынын жана Социалдык фонддун ортосунда кабыл алынды.

Автобустарды сатып алыш үчүн мэрия "Газпромбанктан" 12 пайыз үстөгү менен жети жылга 3,5 млрд. сом насыя алат.

Бишкек шаардык мэриясы 350 миң муниципалдык баалуу кагазды сатыкка чыгарат. Ар бири 10 миң сомдон айланаары болжолдонгон облигация 3,5 млрд. сом алып келет жана ал акчага автобустар сатып алынат. Ар бир автобустун баасы 10 млн. сомдун тегерегинде болору айтылууда. Бишкек мэри Албек Ибраимовдун айтымында, автобустун баасы азырынча белгисиз, аны тендер аныктайт.

Мэрия автобустар газ менен жүрөрүн, майыптарга ыңгайлуу экенин жана аларда кондиционер, вай-фай, электрондук төлөө системасы сыяктуу бардык шарттар болорун билдирүүдө. Бишкекти толук камсыз кылууга 700гө жакын автобус талап кылынат. 350 автобус 11 гана каттамды тейлей алат. (UEz)

XS
SM
MD
LG