Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

Кыргызстан Орусияда дипломатиялык статустагы 9 өкүлчүлүк ачууну көздөп жатат


Москвадагы кыргыз элчилигинин имараты.
Москвадагы кыргыз элчилигинин имараты.

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кыргыз-орус өкмөттөрүнүн ортосундагы миграция чөйрөсүндөгү компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүн өз ара түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Келишимге ылайык, Миграция кызматы Орусиянын аймагында дипломатиялык кызматкер статусуна ээ болгон 9 өкүлчүлүк ачууну көздөйт. Ошону менен бирге Орусиянын Бишкек жана Ош шаарларындагы 2 өкүлчүлүгү мыйзамдуу бекитилмекчи.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Каныбек Иманалиев өлкөдө дипломатиялык кызматкер макамына ээ болгон чет өлкөлүк жарандар өтө эле арбып баратканынан, чет өлкөлүк миграция мекемелеринин Кыргызстанда өз өкүлчүлүктөрүн ачышына квота киргизүү зарыл экенин билдирди.

Кыргызстандын Орусиядагы башкы элчилиги Москва шаарында жайгашкан. Мындан башка Орусиянын 11 шаарында Кыргызстандын консулдугу бар. (SDz)

XS
SM
MD
LG