Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:15

Жээнбеков менен Сагинтаев чек ара маселесин талкуулады


Сооронбай Жээнбеков жана Бакытжан Сагинтаев. Астана, 26-декабрь, 2017-жыл.
Сооронбай Жээнбеков жана Бакытжан Сагинтаев. Астана, 26-декабрь, 2017-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандагы расмий иш сапарынын алкагында казак өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгы, кыргыз-казак чек арасындагы маселелер, суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу маселеси талкууланды.

Жээнбеков Казакстандан ары Москвага иш сапары менен барып, Орусиянын бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.

Орусияга бараарда Жээнбеков 25-декабрда Казакстанга барып, казак лидери Нурсултан Назарбаев менен кезиккен. Президенттер эки тараптуу кызматташтык боюнча биргелешкен билдирүү, кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо жөнүндөгү макулдашууга кол коюшкан. (UEz)

XS
SM
MD
LG